• Башкы бет
  • Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү жолугушту
11:15, 2022-ж., 19-январь

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү жолугушту

Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Тумба жерлиги менен Тажикстандын Исфара районунун Хачаи-Аъло айылы чектешкен жерде уюштурулду. Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен районунун прокурору, УКМКнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, №2022 аскер бөлүгүнүн командири жана Актатыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода баштаган делегация катышты.

«Жолугушууда эки тарап чек аралаш аймактарда жүргүзүлүп жаткан бардык курулуш жумуштарды токтотуу, коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо жана провокациялык аракеттерди болтурбоо, эки тараптын тең жарандарын, жашы жетелек жарандарды, мектеп окуучуларын негизсиз алып кирип кетпөө жана башка ушул сыяктуу күндөлүк турмушта болуп жаткан жумуштар туурасында кеңири сүйлөшүштү. Жолугушуу эки тараптуу конструктивдүү маанайда өтүп, аяктады», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен районунун аймагында коомдук-саясий абал тынч.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...