Ош шаарында Азиянын эки жолку чемпионунун асынган денеси табылды

Ош шаарында мушкердин жансыз денеси табылды
Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
«2022-жылдын 16-январында саат 20:00дө Ош шаарынын Мамыров көчөсүнүн 11-үйүнүн ээси милицияга кабарлаган. Ал 1992-жылы туулган Э. уулу М. асынып каза болуп калганы боюнча кабар берген. Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк ШИИБ: «Маркум Алайдан Ош шаарындагы туугандарынын үйүнө келип, алар бир жакка чыгып кеткенде дааратканага барып асынып алган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Сөөгүн Чоң-Алайга алып кетишти», - деп билдирди.
·Э. уулу М. — грэпплинг боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия жана Океания чемпионатынын күмүш байгесинин ээси.
·Мушкер Оштогу Чоң-Алай районунда туулган.
Комментарийлер