• Башкы бет
  • 19 жаштагы кызды унаа менен сүзүп кеткен аял кармалды
11:33, 2022-ж., 15-январь

19 жаштагы кызды унаа менен сүзүп кеткен аял кармалды

19 жаштагы кызды унаа менен сүзүп кеткен аял кармалды

Ош шаарында жөө адамды унаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 13-январда Ош шаарынын А.Монуев көчөсүндө Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну — 19 жаштагы П.Э.ни (кыз киши) унаа сүзүп кетип, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына кайрылган.

«Бул маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин нөөмөттөгү ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүү менен чиймеси чийилип, сүрөт алынып, тийиштүү материалдар жыйналган.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө Ош шаарынын А. Монуев көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкеден түштүктү карай жолду кесип өтүп жатканда, чыгышты көздөй келген белгисиз унаа сүзүп, кетип калгандыгын билдирген. Анын кесепетинен сол колунан жаракат алгандыгы тастыкталган.

Бул факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кайгуул кызматына автоунааны таап берүүнү суранып, кайрылган. Жыйынтыгында аталган жаранды сүзүп кетүүгө шектүү катары ак түстөгү "Тойота Приус" унаасынын ээси — Ош шаарынын тургуну Ю.Т. (аял киши) табылып, ишти Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен», - деп айтылат маалыматта

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...