• Башкы бет
  • Кыргыз аскерлери Казакстандан кайтып келди
15:28, 2022-ж., 14-январь

Кыргыз аскерлери Казакстандан кайтып келди

Кыргыз аскерлери Казакстандан кайтып келди

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстандын Алматы шаарына барган жоокерлер 14-январда кайтып келди. Аларды Бишкектин четиндеги "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган жетекчилер тосуп алды.

Кыргызстан 7-январда Алматыга 150 жоокер жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда ЖККУнун миссиясынын курамында келген жоокерлер эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирген. Ал чет өлкөлүк аскерлердин негизги вазийпасы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

Токаев ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...