14:08
-ж., 29-февраль
Кечээ, 13-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 21 жаштагы кыз боюн таштап каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Анын айтымында, маркум кыз Юридикалык институттун колледжинин 2-курсунун студенти болгон.
«13-январда түнкү саат 03:15 чамасында А.Масалиев көчөсү №44 дарегиндеги "Корона" деп аталган көп кабаттуу үйүдө убактылуу жашаган Баткен облусунун Кадамжай районунун 2001-жылы туулган тургуну 12-кабаттан боюн таштап, унаанын үстүнө түшүп каза болгон. Учурда өзүн-өзү өлтүргөнү же бирөө түртүп жибергени боюнча териштирүү иштери жүрүүдө», - деди Сыдыков.
Комментарийлер