14:08
-ж., 29-февраль
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы өзгөчө абал режимин алуу боюнча жарлыкка кол койду. Тиешелүү токтомдор Акордонун сайтында жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, 13-январда саат 07:00дөн баштап аталган аймактарда өзгөчө абал режими жок болот.
Казакстанда массалык нааразычылык акцияларына байланыштуу 5-январдан 19-январга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
Комментарийлер