• Башкы бет
  • Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелип жаткан адам кармалды
10:50, 2022-ж., 13-январь

Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелип жаткан адам кармалды

Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелип жаткан  адам кармалды

Чүй облусунун Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамасында Панфилов РИИБге Кайыңды шаарындагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Панфилов РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Милиция кызматкерлери каза болгон жарандын өздүгүн аныкташкан, маркум 1988-жылы туулган А.К. экени такталган. Ошондой эле анын денесинде жаракаттар бар экени аныкталды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй ОИИББдин жана Панфилов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.А.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...