• Башкы бет
  • Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтып келди
14:02, 2022-ж., 11-январь

Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтып келди

Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтып келди

Казакстандан Кыргызстанга кайтарылган музыкант Викрам Рузахунов 2-январда Алматыга досунун чакыруусу менен барганын айтты. 4-январда Казакстанда митингдер башталганда досу батирден чыкпоону эскерткен.

"Үч күн - 4-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап Бишкекке кетип баратканда Самсы айылындагы аскер тосотунан аскерлер кармады", - деди Рузахунов.

Анын айтуусунда бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөн. Башаламандыкка жалданып келгени тууралуу мойнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп өзү айткан.

Музыкант аны Кыргызстанга кайтарууга көргөн аракети үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык айтып, "кыргыз элинин уулу экениме канчалык сыймыктанарымды ушул күнгө чейин толук сезген эмесмин" деп кошумчалады.

Рузахунов ал кармалган камерада андан тышкары дагы төрт кыргыз жараны болгонун белгиледи.

Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген.

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Коомчулукта резонанс жараткан окуяны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, Казакстанда адилетсиз кармалган кыргыз жарандары болсо, алар үчүн катуу күрөшө турганын билдирген. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев башаламандыкты иликтөөдө "коңшу өлкө" деген сөздү көп оозанган казак бийлигин окуяны тергөөдөгү "риторикасын өзгөртүүгө" чакырган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...