• Башкы бет
  • Жоомарт Оторбаевге соттун өкүмү чыкты
14:01, 2022-ж., 11-январь

Жоомарт Оторбаевге соттун өкүмү чыкты

Жоомарт Оторбаевге соттун өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Сот аны 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сом айыпка жыкты.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 18-сентябрда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Андан соң 20-ноябрда сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.

Жактоочу Нурлан Сыдыков билдирген маалымат боюнча, Ж.Оторбаев ал өкмөттү жетектеп турганда Жогорку Кеңеш документтерди кайра иштеп чыгууга жөнөткөндүктөн тагылып жаткан айыпты мойнуна алган эмес. Сөз Суу кодекси жана мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу болуп жатат.

Буга чейин «Кумтөр» боюнча сот өкүмдөрү чыккан:

- Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмазбек Баатырбековгокарата: Ал 280 миң сом айыпка жыгылган;

- Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматовгокарата: Ага 300 миң сом айып салынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...