• Башкы бет
  • Нарында жүздөгөн киши чогулуп, ызы-чуу болду
13:59, 2022-ж., 11-январь

Нарында жүздөгөн киши чогулуп, ызы-чуу болду

Нарында жүздөгөн киши чогулуп, ызы-чуу болду

10-январга караган күнү болжол менен саат 24:00 чамасында Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында арзан пайыз менен насыя алууга болжол менен жүздөн ашык киши чогулуп, кезекке туруу ызы-чуу менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ача-Кайыңды айылынын тургуну Өмүрбек Ишеналиевдин айтымында, элдин көптүгүнөн алар бири-бири менен урушканга чейин барып жатышат. Мындан улам райондогу тургундар кезекке турууну электрондоштуруп берүүнү суранышууда.

«6 пайыз менен берилет экен деп келгенбиз. Мен келгенде 120дай киши чогулду. Дагы да келип жатышат. Насыя алып жаткандарга кезек үчүн шарт түзүп беришсе жакшы болот эле. Электрондук талон уюштурса. Элдер бири-бирине жаман-жакшы айтышып жатат. Алды жакалашканга чейин барып жатышат», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...