• Башкы бет
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү муниципалыдк кадрлар резервине 598 адам документин тапшырды
09:54, 2022-ж., 10-январь

Кыргызстандын түштүгүндөгү муниципалыдк кадрлар резервине 598 адам документин тапшырды

Кыргызстандын түштүгүндөгү муниципалыдк кадрлар резервине 598 адам документин тапшырды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында муниципалдык кадрлар резервине 598 адам документтерин тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймагы боюнча жетекчиси Таалайбек Зикиров билдирди.

Анын айтымында, 598 адам түрдүү кызматтар боюнча документтерин тапшырган.

«Баткен облусунда 99 адам документтерин тапшырды. Анын ичинен бирөө 2 кызматка баруу ниетин билдирип тапшырган. Жол-жобосу ушундай, бир адам документ тапшырганда акимдин орун басарлыгына дагы, вице-мэрликке дагы, мэрликке дагы документ тапышырышы мүмкүн.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 200дөй адам документтерин тапшырды. Алар 400дөй кызмат ордуна баруу ниетин билдирип тапшырган. Ош облусунда 300дөй адам документтерин тапшырды. Алар 600дөй кызматка баруу ниетин билдирген», -деди Зикиров.

Буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймагы муниципалдык кадрлар резервине сынак жарыялаган. 13-декабрда башталган сынак 24-декабрга чейин уланарын аталган агенттиктин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Таалайбек Зикиров билдирген болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...