12:38, 2022-ж., 8-январь
Казакстан: Нурсултан Назарбаев жана анын үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетти,-ЖМК

«Бизде биринчи президент жана анын кыздары үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кеткени тууралуу маалымат бар. Өлкөдө Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев гана калды», - дейт «Orda.kz» басылмасынын башкы редактору Гүлнара Бажкенова.
«Белгилей кетчү нерсе, Казакстанда саясий кризис башталгандан бери расмий бийлик да, мамлекеттик телеканалдар да, маалымат каражаттары да Нурсултан Назарбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атын атай элек. Алардын кайда экенин жана аларга эмне болгону тууралуу да маалымат жок», - деп жазат ал.
Ошондой эле расмий билдирүүлөр менен кайрылууларда борбор шаар Нур-Султан деп аталбайт, деп белгилейт ал.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер