• Башкы бет
  • Казакстанда нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашык адам жаракат алды
10:02, 2022-ж., 7-январь

Казакстанда нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашык адам жаракат алды

Казакстанда нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашык адам жаракат алды

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди. Алардын ичинен кеминде 400 киши ооруканага жеткирилген. Учурда 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Казакстанда демонстрациялар маалында ондогон адамдар мерт болгону кабарланып жатат. Алардын канчасы митингге чыккан адамдар экени так белгисиз. Ички иштер министрлиги 18 кызматкери каза тапканын маалымдаган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...