14:08
-ж., 29-февраль
Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
Буга чейин өзгөчө абал режими Мангистау менен Алматы облустарында, ошондой эле Алматы менен Нур-Султан шаарларында гана киргизилген болчу.
Эми жарандардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына, адамдардын Казакстанга кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди. Ошондой эле коомдук тартипти коргоо күчөтүлдү.
Комментарийлер