• Башкы бет
  • Электр энергиясынын дүмүрчөгүн жасалмалаган кызматкерлер кармалды
14:22, 2021-ж., 15-декабрь

Электр энергиясынын дүмүрчөгүн жасалмалаган кызматкерлер кармалды

Электр энергиясынын дүмүрчөгүн жасалмалаган кызматкерлер кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда электр энергиясына төлөмдүн дүмүрчөгүн жасалмалаганга шектелип кассир менен инженер кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми бөгөт коюу чарасы эртең, 15-декабрда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан каралат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Ноокен районунун мамлекеттик сектордогу абоненттерден Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын кассасына түшө турган акчадан кассир И.У. жана аталган ишканын эсеп-кысап боюнча инженери К.А. өз ара сүйлөшүп алышып, Ноокен районунда жайгашкан юридикалык мекеме-ишканалардан электр энергиясына болгон төлөмдөрүн 1-С программасы аркылуу "РСК Банктан" төгүлгөн деп жалган маалыматтарды көрсөтүп киргизип, банктан берилүүчү накталай төлөмгө берилген дүмүрчөктөрдү жасалмалашкан. 2015-жылга 1 047 000 сом, 2016-жылга 2 935 835, 57 сом, 2017-жылга 2 600 006,01 сом, 2018-жылга 3 009 369 сом акча каражаттарын өз кызыкчыларына ыйгарып алышкан. Анын кесепетинен "Жалал-Абадэлектро" АККка жалпысынан 9 592 894 сомдук өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча материал 2019-жылдын 30-январында Ноокен РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту менен каралган кылмыш ишин жасагандыгы боюнча 1980-жылы туулган К.А. жана 1966-жылы туулган И. У. (аял киши) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...