• Башкы бет
  • Оштун мэри "БУУ-Аялдар" структурасынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту
19:28, 2021-ж., 4-декабрь

Оштун мэри "БУУ-Аялдар" структурасынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Оштун мэри "БУУ-Аялдар" структурасынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "БУУ- Аялдар" структурасынын Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жергиликтүү бийлик менен калк ортосундагы мамилени бекемдөө багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү. 

Шаар башчысы өз сөзүндө гендердик теңчиликти камсыздоодо аталган уюмдун орду чоң экенин белгиледи. Улзийсурен Жамсран бийлик менен элдин ортосунда алаканы күчөтүү багытындагы пландар менен бөлүштү. Тараптар Ош шаарынын жашоочуларынын кызыкчылыгын көздөгөн иш-аракеттерди күчөтүү келишимине келди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...