• Башкы бет
  • Азамат Маматали уулу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды
19:19, 2021-ж., 4-декабрь

Азамат Маматали уулу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Азамат Маматали уулу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

 2-декабрда Россиянын борбору Москва шаарында өткөн II Евразиялык конгресстин жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарынын арасында жарыяланган «Евразиялык интеграция жана өнүгүү – XXI кылым» аталыштагы чыгармачылык сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ош шаарынын тургуну Азамат Маматали уулу бул сынактын номинанты болгонун билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста билим алып жатат. Сынакка Алай районунун Мурдаш айылынын деңиз деңгээлинен 3 миң 600 метр бийиктеги жайлоосунда көчмөн үй-бүлөнүн турмушу тартылган сүрөтү менен катышты. «Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган сүрөт» номинациясы боюнча баш байгени алды. Бул сүрөттө көчмөн элдин маданияты жана табият менен жуурулушкан жашоосу чагылдырылган.

«Сүрөттү социалдык тармакка жарыялангандан кийин көп жактырууга ээ болду. Сынактын калыстар тобу да жогору баа берип, баш байге ыйгарышканы мен үчүн күтүүсүз болду», - деди ал.

Азамат Маматали уулу фотоискусство менен алектенгенине 3 жыл болду. Ал Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуу кооздугун жана өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле көчмөн кыргыз элининин жашоосун сүрөт аркылуу баяндайт. Анын бул чыгармачылык максаты өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...