14:08
-ж., 29-февраль
Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын мэриясында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча муниципалдык кызматкерлерди окутуу башталды. Семинардын алгачкы күнүндө бардык муниципалдык аймактык башкармалыктардан 30 кызматкер катышты. Эртең шаар мэриясынын аппарат кызматкерлери окутулат.
Иш-чаранын максаты мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура түзүүнү жана жүргүзүүнү жайылтуу болуп саналат.
Комментарийлер