• Башкы бет
  • Лионель Месси жетинчи "Алтын тобуна" ээ болду
14:05, 2021-ж., 30-ноябрь

Лионель Месси жетинчи "Алтын тобуна" ээ болду

Лионель Месси жетинчи "Алтын тобуна" ээ болду

«Алтын топту» «ПСЖ» жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси алды.

34 жаштагы аргентиналык футболчу бул сыйлыкты 7-ирет жеңип, рекорд жаратты. Экинчи орунда Криштиану Роналду турат. Анын 5 «Алтын тобу» бар.

2021-жылы Месси «Барселона» менен Испаниянын Кубогун жеңип, 2020/21 сезонун 30 гол менен Ла Лиганын эң мыкты бомбардири катары аяктаган жана Аргентина менен биринчи жолу Америка Кубогун жеңген.

Буга чейин Месси 2009-жылдан 2012-жылга чейин, ошондой эле 2015 жана 2019-жылдары катары менен төрт жолу «Алтын топ» алган.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам сыйлык тапшыруу аземи өткөн эмес.

«Алтын топ» үчүн ат салышкан «Бавариянын» жана Польшанын чабуулчусу Роберт Левандовски жылдын мыкты чабуулчусу наамын алды. Бул — «France Football» журналы тарабына биринчи жолу берилген жаңы сыйлык.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...