• Башкы бет
  • Жалал-Абаддагы милиционерлер баңгизат менен кармалган адамды кыйноого шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы
13:58, 2021-ж., 30-ноябрь

Жалал-Абаддагы милиционерлер баңгизат менен кармалган адамды кыйноого шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абаддагы милиционерлер баңгизат менен кармалган адамды кыйноого шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы

2021-жылдын 9 айында Ош облусундагы укук коргоо органдары тарабынан кыйноо жана бийликтен аша чабуу фактылары боюнча 26 сотко чейинки өндүрүш иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды. Бул тууралуу облустук прокуратуранын изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылы тергөөнүн жыйынтыгы менен кыйноо боюнча катталган 2 сотко чейинки өндүрүш иштин бети ачылып, соттук кароого жиберилди.

«2019-жылы 2-апрелге караган түнү өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен А.Н.ны Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлери Токтогул районунун Үч-Терек айылында кармаган. Тактап айтканда, 2019-жылдын 4-апрелинде Жалал-Абад шаардык сотунда шектүү А.Н.нын бөгөт коюу чарасы каралып жаткан учурда ага карата милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулгандыгы жөнүндө билдирип, ошол эле күнү облустук прокуратурага арыз менен кайрылган. Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлери Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Жалал-Абад шаарына чейин автоунаада кылмышты мойнуна алуусун мажбурлап, ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиришкендигин көрсөткөн. Аталган арыз Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан ошол эле күнү Жазык кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүмүндө (кыйноолор) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 10-майында аталган сотко чейинки өндүрүш иши мындан ары тергөө жүргүзүүнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратура тарабынан Ош облустук прокуратурасына жиберилип, тергөө УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 12-ноябрында Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иштин материалдары каралып чыгып, Жалал-Абад ОИИБдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлдөрү Ж.А., А.у.З., М.К. жана Б.М. Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (кыйноолор) жана 320-беренесинин 2-бөлүмүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасады деп, ал эми ошол учурда Ош ШИИБдин карамагында турган С.К. Жазык кодексинин 43-беренесинин 4-бөлүмү (кылмышка кошо катышуу) менен 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 43-берененин 4-бөлүмү, 320-берененин 2-бөлүмүндө көсөтүлгөн кылмыштарга шектелгендиги жөнүндө кабарламалар чыгарылып, тапшырылган.

2021-жылдын 23-ноябрында тергөөнүн жыйынтыгы менен иш боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан айыптоо актысы бекитилип, сотко чейинки өндүрүш иш Жалал-Абад шаардык сотуна кароо үчүн жиберилген. Учурда иш сотто каралып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...