• Башкы бет
  • Netflix көчмөн жашоосу тууралуу даректүү тасма тартты
12:03, 2021-ж., 24-ноябрь

Netflix көчмөн жашоосу тууралуу даректүү тасма тартты

Netflix  көчмөн жашоосу тууралуу даректүү тасма тартты

Америкалык белгилүү Netflix компаниясы кыргыздардын көчмөн маданиятына арналган даректүү тасма тартты. Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) долбоорунун алкагында ишке ашканын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

"Биздин долбоордун алкагында Кыргызстанга Нидерланддан тасма тартуучу топ келип кеткен. Netflix компаниясынын буюртмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүктү чагылдырган даректүү тасма тартылды. Анын ичинде кыргыздардын улуттук аңчылыгы - Салбуурун жөнүндө баяндалат",- деп маалымдады аталган уюм.

Тасма 2022-жылы жарыкка чыгат жана 150дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...