• Башкы бет
  • Быйыл окуучулар канча күн эс алары айтылды
13:57, -ж., 3-ноябрь

Быйыл окуучулар канча күн эс алары айтылды

Быйыл окуучулар канча күн эс алары айтылды

2021-2022-окуу жылында мектеп окуучулары үчүн каникул мезгили 5 күндүк окуу жумасын эске алганда 29 календарлык күндү түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Күзгү каникул — 7 күн: 2021-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрга чейин. Окуу 2021-жылдын 15-ноябрында башталат.

Кышкы каникул — 12 күн: 2021-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын 11-январына чейин. Окуу 2022-жылдын 12-январында башталат.

Жазгы каникул — 10 күн: 2022-жылдын 21-мартынан 30-мартына чейин. Окуу 2022-жылдын 31-мартында башталат.

1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча 1 жума каникул күндѳрү берилет.

2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...