14:08
-ж., 29-февраль
Кыз ала качып бара жаткан жигиттер «Сосновка» постунан 2-ноябрда саат 22:00 чамасында кармалды. Алардын жолун Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кызуу кызматынын №5 взводунун инспекторлору тоскон.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунан 2 жаш жигит 2003-жылы төрөлгөн кызды болжол менен Талас облусу тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постундагы инспекторлор «Лексус» автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичиндеги 2 жаш жигит жана жаш кыз суракка алынып, анын жүрүшүндө кызды күч менен ала качып бара жатышканы белгилүү болгон.
Алар андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл РИИБге жеткирилди.
Комментарийлер