• Башкы бет
  • Индиялык студентти тоногондор кармалды
15:03, 2021-ж., 28-октябрь

Индиялык студентти тоногондор кармалды

Индиялык студентти тоногондор кармалды

Каракчылыкка шектүүлөр кармалганын 28-октябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Каракчылардын курмандыгы Москва көчөсүндөгү батирди ижарага алган Индиянын жараны болгон. 19-октябрда кечки саат сегиздер чамасында анын үйүнө кылмышкерлер киришкен. Алар бычак менен коркутуп, 3000 доллар, 7000 сом, 4 уюлдук телефон («Айфон 10X», «Редми Нот 8», «Редми Нот 9» жана башка уюлдук телефон), ноутбук, «Айпад», «Айрподс» кулакчын, кышкы күрмө, 3 саат («Титан»), футболка жана 2 жуп бут кийимин алып, чет өлкөлүк жаранды байлап, өздөрү качып кетишкен.

Аталган факт Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ленин РИИБдин жана Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1987-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган Б.Б., 1997-жылы туулган С.Д. жана 2004-жылы туулган О.Н. аттуу жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк соттун чечими менен 2004-жылы туулган Н.О.дон башкасы эки айга СИЗО-1 абагына камалды. Н.О. ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Милиция шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экенин аныктайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...