• Башкы бет
  • Бишкекте пицца бышыруучу жайдан уулангандардын саны 85ке жетти
10:23, 2021-ж., 25-октябрь

Бишкекте пицца бышыруучу жайдан уулангандардын саны 85ке жетти

Бишкекте пицца бышыруучу жайдан уулангандардын саны 85ке жетти

Бүгүн, 25-октябрда саат 7:30га карата Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан уулангандан кийин медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 1 бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинен тамактанганы аныкталган. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери эпидемиологиялык иликтөө иштерин улантууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ, 24-октябрда 12 адам ууланганы тууралуу билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык, жабырлануучулар шаардагы 4 аймакта жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинен тамак (роллы) жешкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...