• Башкы бет
  • Өзбекстанда шайлоо өттү деп эсептелди
10:21, 2021-ж., 25-октябрь

Өзбекстанда шайлоо өттү деп эсептелди

Өзбекстанда шайлоо өттү деп эсептелди

Өзбекстанда президенттик шайлоого 16 миллион 36 миң 914 адам, же шайлоочулардын 80,8 пайызы катышты.

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низомходжаев маалымат жыйында билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Шайлоо кодексинин 96-беренесине ылайык, шайлоочулардын кеминде 33 пайызы катышса, шайлоо өттү деп эсептелет, деп билдирди БШК төрагасы.

Буга чейин БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров 24-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00гө карата шайлоочулардын 33,6 пайызы добуш бергенин айтып, шайлоо өттү деп эсептелерин билдирген.

Брифингдин жүрүшүндө БШК төрагасы президенттик шайлоону «элдин чоң тарыхый жетишкендиги» деп атап, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 25-октябрда саат 16:00дө жарыяланарын билдирди.

Президенттик шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да 25-октябрда эртең мененки саат 10:00дө БШКдагы маалымат жыйында шайлоо боюнча алдын ала жыйынтыктарын бере башташат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...