• Башкы бет
  • Өзгөн РЭТтин башчысы электр энергиясы үчүн 73 миң сом карызбы?
09:28, 2021-ж., 22-октябрь

Өзгөн РЭТтин башчысы электр энергиясы үчүн 73 миң сом карызбы?

Өзгөн РЭТтин башчысы электр энергиясы үчүн 73 миң сом карызбы?

Өзгөн райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Артур Жусуев электр энергиясы үчүн 73 миң 12 сом 36 тыйын карыз экени көрсөтүлгөн дүмүрчөк социалдык тармакка тарады.«Турмуш» басылмасынын кабарчысы жетекчи менен байланышып, окуянын чоо-жайын укту.

Дүмүрчөктө Артур Жусуевдин 24-августка карата электр энергиясына болгон карызы тууму менен кошо 120 миң 507 сом 85 тыйын экени, анын 50 миң сому төлөнгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми 15-октябрга карата 73 миң 12 сом 36 тыйын карыз боюнча дүмүрчөк келген.

Артур Жусуев аталган дүмүрчөк ага таандык экенин тастыктап, бирок ал эски экенин айтты. Анын айтымында, ай сайын электр энергиясына акы төлөп жүргөн.

«Эми ал эски дүмүрчөк экен. Мен ай сайын эле төлөйм. Дүмүрчөктө турбайбы, 50 миң сом төлөнгөн деп. Үйдө станок колдонгом. 73 миң сом дегени төлөнгөн. Бир айда станок колдонгонум үчүн ошончо электр энергиясы иштетилиптир. Менин үйүм жаңы чекте. Коңшум үй салып жатат. Ошондуктан станок колдонгон элек. Меники, коңшум экөөбүздүкү кошулуп, ошончо электр энергиясы иштетилип кетти», - деди Жусуев.

Ал эми Өзгөн райондук электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жетекчи электр жарыкка болгон карызын өз убагында төлөбөйт деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Ай сайын төлөм жүргүзүп келгенин база аркылуу аныкталып жана электр энергиясын көп колдонгондуктан эсебин эки бөлүп төлөгөнүдүмүрчөктө көрсөтүлүп турат. Мындай бөлүп төлөө буга чейин колдонулуп келген», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...