14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тарта жылуулук берилип баштайт. Бул тууралуу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим Ош шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдын жыйынында кабыл алынды.
«Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерди жабык кармап, үйдүн эшик-терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер