• Башкы бет
  • Ноокатта уйларды ууландырган жаран боюнча милицияга арыз түштү
10:15, 2021-ж., 21-октябрь

Ноокатта уйларды ууландырган жаран боюнча милицияга арыз түштү

Ноокатта уйларды ууландырган жаран боюнча милицияга арыз түштү

Ноокат районунда уйлары ууланып өлгөн тургун милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын 47 жаштагы тургуну М.Г. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 17-октябрь күнү саат 16:00дөр чамасында Жийде айылына караштуу үлүш жеринде ошол эле айылдын тургуну 2 баш уюна дары берип өлтүргөн. Уйлардын бири 4, ал эми экинчиси 7-8 жашта болгон. Ага жалпы 140 миң сомдук материалдык чыгым келтирген.

«Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 210-беренесинин (бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...