14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков Грецияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Ал 51-55 жашка чейинки спортчулар арасында 100 кг салмакта күч сынашты. Жалпысынан бул салмакта 4 балбан бир айлампада күрөштү.
Биринчи раундда Изабеков ирандык Фарзад Хосейн Хелали менен беттешип, 8:4 эсебинде утту. Экинчисинде америкалык Эрик Отис Хинклини мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде жеңди.
Акыркы турда Изабеков польшалык Адам Чойнаски менен беттешип, аны 5:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.
Буга чейин Талант Бегалиев дагы дүйнө чемпиону болсо, Сааданбек Ниязов коло медалга ээ болгон.
Комментарийлер