• Башкы бет
  • Орусиялык режиссер кыргызстандык жаранды издөөдө
14:04, 2021-ж., 20-октябрь

Орусиялык режиссер кыргызстандык жаранды издөөдө

Орусиялык режиссер кыргызстандык жаранды издөөдө

Кыргызстандык Кайратбек Нурбол уулу Россияда «Жакын аралыкта» («На близком расстоянии») кинотасмасында роль жаратты. Тасма 28-октябрдан тарта көрсөтүлүп баштайт.

Тасмада үйүнө курьер-мигрантты батырган белгилүү актриса Инге тууралуу айтылат. Башкы ролду актриса Ксения Раппопорт жаратса, Григорий Добрыгин режиссер болгон.

Ал эми Кайратбекти Добрыгин курьер кызматынан тапкан.

«Курьердин ролун чыныгы актер ойногон жок. Бирок эми тасмага тартылды да, актер болуп калды. Тамак-аш жеткирүү фирмасынан курьерлер байланышта болуп турган тайпага кирип калдым. Ал жакта 3 миңдей адам бар. Менде актерлордун базасы пайда болуп, аватардагы сүрөттөрдү карап баштадым. Кайратбекти көргөндө бизге ошол керек экенин түшүндүм. Агенттен ага байланышууну сурангам. Кайратбек көптөн кийин гана байланышка чыгып, андан кийин биз жолугуштук. Бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин биз аны менен байланыша албай калдык», - деди Добрыгин «Вечерний Ургант» телеберүүсүндө.

Ксения Раппопорт дагы Кайратбек Нурбол уулу өзүн тажрыйбалуу актердой көрсөткөнүн айтты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...