14:08
-ж., 29-февраль
17-октябрда саат 22:19да өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогундагы күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Чимбай айылынан түндүк-чыгышка 2 чакырымда, Өзгөн шаарынан түштүк-чыгышка 8 чакырымда, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышка 43 чакырымда жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Чимбай, Макмал, Мырза-Аке айылдарында 3,5 баллга, Кара-Дыйкан, Шералы, Куршаб, Кароол, Ак-Жар, Большевик, Сары-Булак, Жаңы-Талаа, Красный Маяк, Мырза-Арык, Пор айылдарында 3 баллга, Жыланды, Курбу-Таш, Саламалик, Кара-Кулжа, Ак-Кыя, Шамал-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Комментарийлер