• Башкы бет
  • Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды
11:52, 2021-ж., 14-октябрь

Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.  

Такталган боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнун айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом  өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.     

2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат  шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...