• Башкы бет
  • Айыл чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер алып барылууда ,- УКМК
10:25, 2021-ж., 12-октябрь

Айыл чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер алып барылууда ,- УКМК

Айыл чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер алып барылууда ,- УКМК

УКМК тарабынан ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол -жоболоруна анализ жүргүзүп, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз чыгарууда жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара жең учунан сүйлөшүп алган кызмат адамдары менен жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. 

Мындай иш-аракеттердин натыйжасында, айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштурган КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери жана логистикалык компаниянын өкүлдөрү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Кармалгандарга карата сот тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча иш-чараларды улантууда.

Өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында улуттук коопсуздук органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ошондой эле ЕАЭБдин тиешелүү структуралары Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрүндө ата мекендик товарлардын жана азыктардын тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди алып барууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...