• Башкы бет
  • Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды
10:24, -ж., 12-октябрь

Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды

Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды

Ушул жылдын 7-октябрында УКМК  тарабынан КР Жазык кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында,  «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун  6 лидери кармалды:

«К.А.К.» 26.06.1974 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);  

«К.С.С.» 28.10.1975 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

«Н.Ж.М.» 04.04.1976 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

«А.у.А.» 18.04.1991 ж.т., Тажик Республикасынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси); 

«Э.Н.Т.» 11.12.1995 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси). 

«М.З.Я.» 16.01.1993 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).    

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн "жыйынын" ай сайын уюштуруп турганы аныкталган. 

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепчелер, 25 даана баракчалар, 13 даана  дептерлер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 даана ноутбук) табылып  алынган.

Кармалган жарандар Кадамжай РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип,  алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...