• Башкы бет
  • Ошто өзбек-кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду
14:25, 2021-ж., 9-октябрь

Ошто өзбек-кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду

Ошто өзбек-кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду

Ош шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык сүрөтчүлөр кошмо көргөзмө уюштурушту. Тургунбай Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинин арт-резиденциясында 6-октябрда башталган иш-чара 10-октябрга чейин уланат.

Катышуучулар жана эксперттер Борбор Азияда көркөм сүрөт өнөрүн өркүндөтүү жана бул жааттагы ымаланы күчтөнтүүнү талкуулашты.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун көмөгү менен уюштурулган көргөзмөнү "Аманат өмүр" коомдук фонду ишке ашырууда.

Өзбекстан соңку жылдары Кыргызстан менен маданий алакасын да жандантты. 13-сентябрда Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык театрынын имаратын өзбек тарап реконструкция кыла баштаган. Буга Ташкент 5 миллион доллар бөлгөн.

Борбор Азиядагы эң байыркы театрлардын бири саналган Бабур театрынын ишмердигине 2021-жылы 103 жыл болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...