14:08
-ж., 29-февраль
Араван районундагы тургундарга электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күндүз деле сырткы электр жарыгын өчүрбөй, пайдаланып жаткан жарандар көп болгондуктан аларга жеринде техникалык акт түзүлүүдө. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Учурда Ош жана Баткен облустарынын ар бир райондорунда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейд күнү-түнү уюштурулууда.
Комментарийлер