• Башкы бет
  • Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды
10:21, 2021-ж., 7-октябрь

Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды

Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматы боюнча, кызматкер Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында колго түшкөн. Ош ШИИБдин кызматкерлери алдамчылык факты боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылышкан.

«4-октябрда УКМК Ош ШИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында пара алып жаткан жеринен ШИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү — милициянын лейтенанты А.Т. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...