14:08
-ж., 29-февраль
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул маалыматты депутат өзү да аймактык кабарчыга ырастады. Бирок себебин айтуудан баш тартты.
Анын айтымында, шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кечээ, 4-октябрда арыз берген.
«Ооба мандатымды тапшыруу боюнча арыз жазгам. Себебин айтпай эле коёюн», - деди ал.
Депутат Жогорку Кеңешке баруу планы жок экенин кошумчалады.
Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешке «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланып барган. Ага депутаттык мандат 7-май күнү тапшырылган.Ал 1994 -жылы 25-январда туулган. «Томас и Ко» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.
Комментарийлер