• Башкы бет
  • Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатчынын концепциясы кабыл алынды
13:03, 2021-ж., 4-октябрь

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатчынын концепциясы кабыл алынды

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатчынын концепциясы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Беш бөлүмдөн турган концепцияда элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу камтылган. 

Быйылкы жылдын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат, алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагылар. Мындан тышкары Кыргызстанда 12 бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттик бирикме бар.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия – дин жагында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу ишин жүргүзүүчү, мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу борбордук орган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...