• Башкы бет
  • Оор шартта жашап жаткан Июнь коогалаңында жабыр тарткан 8 үй-бүлөнүн көйгөйү чечилет
11:01, 2021-ж., 2-октябрь

Оор шартта жашап жаткан Июнь коогалаңында жабыр тарткан 8 үй-бүлөнүн көйгөйү чечилет

Оор шартта жашап жаткан Июнь коогалаңында жабыр тарткан 8 үй-бүлөнүн көйгөйү чечилет

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Ачы массивинде 2020-жылдан бери контейнерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алды. Ош облусунун башчысы тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, электр энергия жана турак жай маселесин чечип берүүнү убада кылды.

“Сиздердин жашоо шартыңыздарды жеринен көрүүгө атайын келдим. Бул жердеги 8 үй-бүлөгө тезинен жардам беришибиз керек экен. Оор шартта жашаган 8 үй-бүлөгө Кара-Суу районунда курулуп жаткан социалдык шаарчадан батир берүү маселесин карап жатабыз. Ага чейин электр энергиясын тартуу, кышкысын көмүр менен камсыздайбыз. Кийинки жылы социалдык шаарчанын курулушу бүтөт. 8 үй-бүлөнү ошол жака көчүрөбүз”,-деди Зиядин Жамалдинов.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен бүгүн 30-сентябрь күнү 8 үй-бүлөгө азык-түлүк жана ун берилет, 10-октябрда ар бир үй-бүлөнү көмүр менен камсыздалып, 25-октябрга чейин электр энергиясын тартылып, таза суу менен камсыздалат.

Маалымат үчүн, Июнь окуясынан жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтен жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген. Былтыркы жылы 8 үй-бүлөгө көмүр, акчалай жардамдар берилип, күндөн кубат алып электр энергиясын берүүчү жабдыктар орнотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...