• Башкы бет
  • Ош шаарында коңшулардын ортосунда болгон окуя иликтенип жатат
10:23, 2021-ж., 21-сентябрь

Ош шаарында коңшулардын ортосунда болгон окуя иликтенип жатат

Ош шаарында коңшулардын ортосунда болгон окуя иликтенип жатат

18-сентябрдагы Ош шаарында коңшулардын ортосунда болгон чыр иликтенипжатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошол күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 102 кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынан жана Ош шаарынын Достук көчөсүнүн тургунунан маалымат түшкөн. Ош шаардык ооруканасынан аталган көчөнүн 1989-жылы туулган тургунунун (кыз киши) бетинин жаак сөөгү сынганы тууралуу маалымат түшсө, аталган көчөнүн тургунунан бул көчөдө кошуна үй-бүлөлөр ортосунда мушташ болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда аталган көчөнүн тургуну И.Н. менен анын уулу И.И. коӊшу үй-бүлө менен чатакташып жатканы такталган. Алар милиция кызматкерлеринин жаӊжалды токтотуу боюнча койгон талаптарына баш ийбестен, аларды дагы кошо тилдеп, коӊшунун үй-бүлө мүчөлөрү менен урушууну улантууга аракет жасаган. Милиция кызматкерлери барган убакытка чейин ата-бала коӊшу үй-бүлөнүн ээсине (аял киши) жана анын 2 уулу менен 2 кызынын денесине жабыр келтиришкен. 1989-жылы туулган Б.Ф. аттуу кызынын жаак сөөгү сынып, ооруканага жеткирилген. Коӊшу аялдын уулуна таандык «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унааны талкалап, өрттөп жиберишкен. Милиция кызматкерлери күчөп бараткан конфликттин алдын алып калышкан.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 18-сентябрь күнү 1991-жылы туулган И.И. (мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат) менен анын 1983-жылы туулган кошунасы М.И. экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Чатак учурунда М.И.ге таандык болгон унаа талкаланып, өрт коюлган. И.И. (мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат) М.И.ге канцелярдык бычак менен кол салып, сол колуна жаракат келтирген. Экөөнүн чырына И.И.нин (мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат) атасы И.Н. аралашып, ата-бала биргеликте М.И.ге, анын апасына, бир туугандарына кол көтөрүшкөн.

Учурда коӊшу үй бүлөнүн 5 мүчөсү И.Н. менен баласы И.И. тарабынан жабыр тартканы тууралуу арыз жазган. Ошол эле мезгилде И.Н. дагы ооруканада коӊшулары тарабынан сабалганы тууралуу айтып жатат.

Бул факт боюнча чырдын баштоочусу катары И.И. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын атасы И.Н.нын учурда бул окуяга канчалык тиешеси бар экени иликтенүүдө. Ооруканадан чыкканда тергөө кызматы тарабынан анын дагы жоопкерчилиги каралат. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда бул окуяны ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...