• Башкы бет
  • Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү
09:18, 2021-ж., 19-август

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 18-августта Ош шаарынын социалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекованын катышуусунда эмдөө жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча штабдык жыйын болуп өттү.

Ага Саламаттык сактоо тармагынын Ош шаарындагы башкармалыктарынын, мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Жыйында калк арасында эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери жана аткарылып жаткан пландар боюнча сөз болду.

2021-жылдын 29-мартынан баштап 26-июлуна чейин жалпы 132 миң 536 доза келип, иштетилгени 63 миң 706 доза же 48,0% түздү. Вакцина алууга көрсөтмөсү бар 18 жаштан жогорку жарандардын саны 119 миң 600 адам,  анын ичинен 1-доза алгандар 40 миң 293-33,7%, 2-доза алгандар 23 миң 421-20% түздү.

"Эпидемиологиялык кырдаал турукташып бара жаткандыгына байланыштуу шаар аймагында уюштурулган 245 инфекционно-реанимациялык койка, күнү-түнкү стационар кыскартылып, учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар жугуштуу оорулар стационарында 160 инфекционно-реанимациялык койкалар иштеп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө “Кызыл зонада” жаткан бейтаптардын жалпы саны 40, анын ичинен шаардыктар 28, райондон келгендер 15 адам: - COVID-19 -15; - пневмония -25; - өтө оор - 7; - оор - 18;- орто - 15;-жеңил- 0;

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...