16:36
-ж., 23-сентябрь
Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын экинчи кабатындагы терезеге Тажикстан тараптан бир жолу ок атылган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-август күнү саат 15:10до Тажикстан тараптан аймактык оорукананын терезесине ок атылган. Октун өлчөмү 5,45 мм. Ок АК-74 үлгүсүндөгү куралдан атылган.
Жабыркагандар жок. Учурда эки тараптан укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады.
Комментарийлер