• Башкы бет
  • Лионель Месси "Пари Сен-Жермен" менен 2 жылга келишим түздү
09:17, 2021-ж., 11-август

Лионель Месси "Пари Сен-Жермен" менен 2 жылга келишим түздү

Лионель Месси "Пари Сен-Жермен" менен 2 жылга келишим түздү

"Барселонанын" мурунку футболчусу Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубуна өттү. Клуб менен Месси дагы бир жыл узартуу шарты менен 2 жылдык келишим түзүштү. Мындай маалыматты дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

Андагы маалыматка ылайык, Лионель Месси кечээ, 10- август күнү Барселонанын аэропортунан Париж шаарына учуп барып, ПСЖ клубунун ден соолукту чыңдоочу борборуна барып текшерилип, келишимге кол койгон.

Месси жаңы клубда жылына 30 млн.евро маяна алат. Ошондой эле ал 30-номер менен аталган клубда ойной турган болду. Бул номер менен Мексси "Барселона" клубунун катарында алгачкы оюнда чыккан.

Аргентиналык чабуулчу "Барселонанын" академиясынын тарбиялануучусу. Аталган клубда профессионалдык деңгээлде 17 жыл бою ойноду. Бул арада 4 ирет Европанын Чемпиондор Лигасын, 3 жолу клубдар ортосундагы дүйнө чемпионатын утуп алган. Месси ошондой эле 6 "Алтын топтун", 6 "Алтын бутсанын" ээси.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...