• Башкы бет
  • "Ысык-Көл" аэропорту туристтерди тосуп алды
10:10, 2021-ж., 15-июль

"Ысык-Көл" аэропорту туристтерди тосуп алды

"Ысык-Көл" аэропорту туристтерди тосуп алды

Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда Москва — Бишкек — Москва маршруттук каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз катчысы Алия Курбанова маалымат таратты.

 Анда айтылгандай, эл аралык авиамаршрутту Москвадан Ысык-Көл облусуна «Аэрофлот» авиакомпаниясы аткарып, 79 жүргүнчүнү жеткирди.

Аталган авиакомпания каттамды жумасына үч жолу,  дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүзөт.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, туристтик сезонго байланыштуу Ысык-Көлгө каттамдар чет өлкөлөрдөн жанданууда. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...