• Башкы бет
  • Орусия: "Кузминькиде" мушташкан кыргызстандык, тажикстандык мигранттар Орусиядан чыгарылышы мүмкүн
17:11, 2021-ж., 14-июль

Орусия: "Кузминькиде" мушташкан кыргызстандык, тажикстандык мигранттар Орусиядан чыгарылышы мүмкүн

Орусия: "Кузминькиде" мушташкан кыргызстандык, тажикстандык мигранттар Орусиядан чыгарылышы мүмкүн

Орусиянын Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунда массалык мушташка аралашкан кыргызстандык жана тажикстандык 103 мигрант Орусиядан чыгарылышы мүмкүн. Мындай маалыматты "Спутник" Орусиянын ИИМнин басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

"Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин мушташтын катышуучуларына карата административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн. Учурда мигранттар Россияда болуу режимин бузду, ошондой эле майда бейбаштык кылды деп айыпталууда. Депортациядан тышкары, соттолгон мигранттар административдик айыпка жыгылып, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынат.",-деп жазат "Спутник"

12-июль күнү түнү "Кузьминки" метросунда массалыш мушташ чыккан. Орусияык басылмалар жаңжалдан кийин кыргызстандык жана тажикстандык 103 мигрант кармалгандыгын жазышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...