• Башкы бет
  • Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү.
15:14, 2021-ж., 24-июнь

Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү.

Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Таалайбек Сарыбашов Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө экендигин билдирди.
“Биз биргелешкен аракеттерибиз менен алдыга койгон максаттарга жетип, экономиканын туруктуу өсүшүн, мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыздайбыз деп ишенем. Ушул залда отургандардын, учурда өз жумушунда жүргөн кызматкерлердин ар биринин шаарыбыздын өнүгүүсүнө кошкон салымы бар. Ал үчүн мен сиздерге ыраазылык билдирем. Коомубузда кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун биздин бир гана кызыкчылык – бул мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек.
Мамлекеттин кызыкчылыгы бардык нерселерден жогору турушу абзел. Мамлекетте тынчтык болсо, ар бир үйдө тынчтык болот. Мамлекетте өнүгүү болсо, ар бир аймакта өнүгүү болот! Биздин жашообуздун, балдарыбыздын келечеги мамлекеттин тагдырына байланыштуу, андыктан ар бирибиз чын жүрөктөн мамлекетибизди сүйүшүбүз керек!
Мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарыбызды туура пайдалануу, андан аша чаап кетпөө, кызматтык милдеттерибизди так аткаруу элдин бийликке жана мамлекетке болгон ишенимин түзө тургандыгын билишибиз зарыл. Соңку жылдарда кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына ѳзгѳчѳ басым жасалып, конкурстук тандап алууга, кадрлардын резервин түзүүгѳ жана алардын кызматтык кѳтѳрүлүүсүнѳ өзгөчө кѳңүл бурулуп келүүдө”,-деди шаар мэри.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шаар жетекчиси Ош шаарынын бир канча кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
БУУнун Ассамблеясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коомдогу ордун жана ролун эске алып, 2002-жылдын 20-декабрында 23-июнду Мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош #Мамлекеттик кызматкерлер күнү

Комментарийлер

live comments feed...