14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарындагы мечиттерди массалык түрдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бул иш шаардагы 80 мечиттин баарында жүргүзүлөт. Буга чейин жума намазы окулган 41 мечитте жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Жумушту санитарды көзөмөлдөө борборунун атайын адистери, дезинфекциялык станциянын жана казыяттын менен биргеликте жүргүзүшөт. Мечиттерди дезинфекциялоо жума сайын жума намазга чейин болот.
Комментарийлер