• Башкы бет
  • Ата-энеңердин, 11 жыл билим берген мугалимдердин үмүтүн актайсыңар деп ишенем
14:00, 2021-ж., 25-май

Ата-энеңердин, 11 жыл билим берген мугалимдердин үмүтүн актайсыңар деп ишенем

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Акыркы коңгуроого" байланыштуу бүтүрүүчүлөрдү куттуктады “Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Ардактуу ата-энелер! Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу акыркы конгуроо майрамдык иш-чарасы онлайн аркылуу өтүп жаткандыгы сиздердин эсиниздерде түбөлүк сакталып калаары белгилүү. Ага карабастан урматтуу бүтүрүүчүлөр сиздерди “Акыркы коңгуроо” аземи куттуктайм! Учурда силер канат күүлөп талпынып максат кылган кесибинерге ээ болууга дилгирленип, кыялдын кучагында толкунданып турган мезгилиңер. Бүгүнкү күн сиздер үчүн балалыктын акыркы конгуроосу болгону менен жаштыктын алгачкы тепкичине кадам таштап, турмуштун туткасын колго ала баштайсыздар! Тилегиңер орундалып,жашоонун даңгыр жолуна аттанып жаткан сапарыңар байсалдуу болсун! Сиздерге таалим- тарбия берген ардактуу мугалимдердин кадыр баркын, беделин бекем сактап, мектептен алган билимиңерди мындан аркы жашооңордогу оомат жана ийгиликтерди багындырууга жумшоого аракет кылыңыздар! Бүгүнкү күндө Ош шаарында 9-классты 5902 окуучу, ал эми 11-классты 2712 окуучу бүтүрүп жатат. Сиздерден мыкты атуулдар чыкса ата-эненин, 11 жыл бою билимин аябаган мугалимдин атагы чыгып кемтиги толот, башына бак конот! Андыктан урматтуу бүтүрүүчүлөр элдин тиреги, ата-энеңердин көксөгөн тилеги болгула! Илим менен билимге каныгып сугарылган илимпоз- аалым болгула! Мекен үчүн патриот атуул болгула! Келечегиңер кең, баскан жолунар шыдыр болсун! Дагы бир ирет майрамыныздар менен куттуктайм!”. Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...